Милиция кызматкерлери тарабынан Москва районундагы оор кылмыштын бети ачылды

2018-жылдын 1-январь күнү болжол менен саат 04:25 чамасында Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде ок атуучу курал менен карактоо болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча Москва районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, эки аялдын жансыз денелерин табышкан. Денеге кароо жүргүзүү учурунда ок атуучу куралдан жаракат алгандыгы аныкталып, алардын өздүгү такталган. Алар: 69 жаштагы К.М. жана анын 45 жаштагы кызы П.И. окуя болгон жерден каза болушкан ал эми үйдүн кожоюну 45 жаштагы П.В. алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерден 12-калибрдеги ок атуучу куралдын гильзалары алынган.
Териштирүү учурунда, 1-январь күнү болжол менен 4:00 чамасында, белгисиз адамдар бетине бет кап кийишип, жабырлануучулардын үйүнө киришип, бир нече жолу ок атышып, үйдөн 100 миң сом акча жана зер буюмдарын алышып, окуя болгон жерден из жашырып качып кетишкен. Ок атуучу куралдан алган жаракатынан эки жаран каза болуп, үчүнчүсү ооруканага жеткирилген.
Бул окуя боюнча Москва районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кырыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-баллистикалык жана соттук биологиялык экспертизалар дайындалган. Чүй облусунун ИИББнын жана Москва районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары 19 жаштагы Т.Н, 20 жаштагы Д.К., 20 жаштагы Л.В., 31 жаштагы К.Р., 32 жаштагы Ш.Н., жана 23 жаштагы К.В. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ички иштер органдары тарабынан уурдалган зер боюмдар, акча каражаттар, ок атуучу курал жана кылмышка шектүү жарандардын автоунаасы алынган. Ыкчам-издөө иш аракетинин негизинде бул кылмышка шектүү делип дагы үч адам кармалды алар 1988 жылы, 1985 жылы жана 1987 жылы туулган Чүй облуснун жана Бишкек шаарынын тургундары. Учурда тергөө иштери улантылууда.