Милиция кызматкерлери тарабынан Пакистан жаранына кол салган шектүүлөр кармалды

 

2020-жылдын 19-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Андан сырткары, ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. кайрылган.

Окуя болгон дарекке дароо Аламүдүн районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан учурда урушка катышкандар окуя болгон жерден таркап кетишкендиги маалым болгон.

Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О. менен Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д.А. менен К.Б. аттуу жашоочулары кармалды.

Бул факты Аламүдүн РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталган. Аламүдүн РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Аталган окуяны иликтөөнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан катуу көзөмөлгө алынгандыгын кошумча билдиребиз.

Чүй ОИИББнин басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *