Москва районунда автонунаа айдап качкан жаран кармалды

2019-жылдын 7-ноябрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө 34 жаштагы жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 6-ноябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында анын “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөө айдап качып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталган.

Изи сууй электе жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында “Перехват” планы киргизилип, милиция кызматкерлери тарабынан бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн. Биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Москва району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан изи сууй электе 50 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *