2022-жылдын 4-октябрында Москва районунун Ак-Суу айылындагы ипподромдо болжол менен 45-50 жаштардагы, европа түспөлүндөгү эркек адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган.
Аталган факт Москва РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Чүй ОИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Москва РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып 1986-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы