Москва районунда алдын алуу иштери улантылууда

Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочулардан куралган ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар арасында коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу иштерин тынымсыз улантып келишүүдө. Андан сырткары ыйык рамазан айында кызматкерлер коомчулук менен жолугушуп, топтолуп иш-чараларды өткөрүүгө кырдаал турукташканча мүмкүн эместигин түшүндүрүшүүдө.

Аба ырайынын жылыгандыгына байланыштуу жаратылышта эс алууну каалагандар да көбөйүүдө. Ага байланыштуу милиция кызматкерлери, көлмөлөрдө жана башка эс алуучу жайларда алдын алуу иштерин улантышып, өзгөчө кырдаал учурунда анын талаптарын аткарууга чакырышууда.

Жергиликтүү жашоочулар арасында жугуштуу оорууну алдын алуу үчүн бир катар иш-чаралар уюштурулуп, оорудан коргонуунун жөнөкөй эрежелери коомчулукка жеткирилүүдө.  Андыктан Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери жарандарды зарыл жумуштар жок болсо коомдук жайларда болууну убактылуу чектеп, жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *