Москва районунда бейбаштыкка шектүүлөр кармалышты

2021-жылдын 11-ноябрь күнү Москва РИИБнө 1977-жылы туулган Д.Ч. аттуу жаран аймактык ооруканга дене жаракаттары менен кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлгөн соң, жогорудагы факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Териштирүү учурунда 2021-жылдын 11-ноябрь күнү Москва районунун аймагындагы иш-каналардын биринен пикир келишпестиктен улам жабырлануучу бейтааныш балдардан дене жаракаттарын алганы маалым болгон.

Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 25 жаштагы Р.З. жана К.К. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Учурда окуя тууралуу ар тарптуу  териштирүү иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *