2022-жылдын март айында Москва районунун ички иштер органдарына 1979-жылы туулган А.И. арыз менен кайрылган. Ал 15-март күнү кечинде Беловодское айылынын көчөлөрүнүн биринде токтоп турган унаасынын дөңгөлөктөрүн жарып кеткен айтып белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү айткан.
Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (Башка адамдардын мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган Ю.А., аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын ушул сыяктуу дагы 3 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.