Москва районунда бирөөнүн унаасын айдап кеткен жаран кармалды

2020-жылдын 7-ноябрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Ак-Суу айылынын 55 жаштагы жашоочусу О.Б. арыз менен кайрылып, белгисиз бирөө анын короосуна кирип, “ВАЗ 2103” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жака айдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Масква районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 26 жаштагы А.О. аттуу жаран кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *