Чүй облусунун аймагында баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнү күчөтүү, алдын алуу, бөгөт коюу жана аны аныктоо максатында жер-жерлерде жапайы кара куурайларда жок кылуу 2020-жылдын 16-июлунан 5-августуна чейин өткөрүлдү.
Иш-чаранынын алкагында Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн атайын комиссия түзүлүп, кара куурайларды жок кылууга атайын техникалар колдонулган. Москва районунун Садовое, Ак-Суу, Беш-Терек, Чапаев, жана Петровка айылдарында иштер жүргүзүлүп, Жалпысынан 2 гектардан ашык жерде өскөн болжол 1 тоннадай кара куурайды өрттөө жолу менен жок кылынды. Мындай иш-чаралар Чүй облусунун бардык аймактарында жүргүзүлдү.