Москва районунда мал уурулуктарды алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

 

Москва районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлеринин демилгеси менен 2021-жылдын 17-ноябрь күнү “Мал ууру” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чарга 30 ашуун милиция кызматкерлер тартылып, 50 ашык мал кармаган сарайдын ээлери жана малчылары менен алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Жолугушууда малдарды уурулуктан сактоонун жөнөкөй эрежелерин сактоо боюнча кеңештер берилди.

Москва райондук милиция кызматкерлери тарабынан 100дөн ашык эскертүүлөр мал баккан сарайларга жазылып берилип,  35ден ашуун малчылардын өзүктөрү текшерилди.

Андан сырткары район аймагында жайгашкан мал союучу жайларда текшерүү иштери жүргүзүлүп, ал жерлерде иштеген 5 жаран менен алдын алуу иштери жүргүзүлүп, шектүү жарандар тарабынан алынып келген малдар боюнча дароо ИИОнун кызматкерлерине билдирүү зарыл экендиги эскертилди.

Рейд учурунда 5 факты Москва РИИБү тарабынан катталды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *