Москва районунда мал уурулукту болтурбоо жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү

Чүй облусунда мал баккан жарандар жана атайын малдарды кармоочу сарайлар арбын болгондуктан мал уурулугун алдын алуу иштери ички иштер органдары тарабынан ар дайым жүргүзулүп келет. Бул жолу Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, мал урулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жургүзүштү. Аталган иш-чарада Москва районунун аймагындагы сарайларда мал кармаган фермерлер менен РИИБдүн жетекчилиги жана кызматкерлери жолугушуп, аларга мал уурулук кайсыл учурларда болуп жатканын айтышып, ал үчүн сарай ээлери алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгын эскертишти.

Фермерлер үчүн малчыларды жалдоодо алардын буга чейин эмне жумуштар менен алек болгонун билүүсү зарыл экендигин айтышып, РИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан жер-жерлерде малчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү колго алынды.

Иш-чара учурунда Садовое айыл аймактагы сарайда көп жылдан бери таза кандуу жылкыларды кармап келген Саратовцев Василий Николаевич милиция кызматкерлеринин эскертүүлөрүн эң туура деп баалап, өзү да сарайына видео байкоочу камераларды орнотконун айтып, кылмышкерлерден зыян тартып калуунун алдын алганын белгиледи.

Белгилеп кетүүчү жагдай Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан өткөн 2020-жылы райондо 30 мал уурулугу катталып, анын 28 фактысынын бети ачылган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 2 миллион сомду түзгөн. Анализ көрсөткөндөй мал уурулук фактысы көпчүлүк учурда түнкүсүн эл уктаган маалда катталганы маалым болгон.

Мындай алдын алуу иштери Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан облус аймагында жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *