Москва районунда уурулукка шектелип жашы жете элек бала кармалды

2022-жылдын 13-январь күнү Москва районунун ИИБүнө арыз менен автоунаа тетиктерин саткан дүкөндүн биринин кожоюну 1978-жылы туулган О.Р. арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 8-январына караган түнү анын дүкөнүнө белгисиз бирөөлөр кирип, ширетүүчү аппарат, ачыкчтар топтомун, Ауди үлгүсүндөгү автоунаанын тетигин, 2 даана болгаркасын, 3 кг медь, 10 кг латунь уурдап белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.
Келтирилген материалдык чыгым 200 миң сомду түзгөн.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы уурулук кылмышына шектелип 2005-жылы туулган П.Д. аттуу кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *