Москва районунда уурулукка шектелип төрт бала кармалды

Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Б.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 6-январынан 7-январына караган түнү Москва районундагы орто мектептеринин биринин спорт залынын кире бериш эшигин талкалап белгисиз бирөөлөр киришип, спорт залда жайгашкан спорттук шаймандарды, музыкалык аппаратураны, жылыткычтарды жана башка бир катар тиричилик буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты Москва районунун ИИБнө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелишип, Чүй ОИИББнын жана Москва районунун ИИБнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 16 жаштагы Ж.А., Б.Ш. жана 19-жаштагы У.Р. , В.Р. аттуулар кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери улантылууда.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *