Москва районунда уурулукка шектүулөр кармалды

2020-жылдын 9-октябрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылынын 19 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, велосипедин белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 31 жаштагы Ч.К. аттуу жаран кармалган. Андан сырткары Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ак-Суу айылынын жашоочусунун курулуш шаймандарын уурдоого  шектелип, 30 жаштагы Ч.А. аттуу жаран кармалган. Ал буга чейин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Учурда жогорудагы иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Андыктан Чүй облусунун ИИББы, кылмышкерлердин аракетинен жабыр тартып калбоо үчүн төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактоого чакырат:

-узак убакыт ичинде үйүндө эч ким жок болуусу боюнча ар кимге жарыя кылуунун керек жок;

-үйдө эч ким жок учурунда ага көз салып туруу үчүн ар кимге айтуу зарыл эмес;

-үйдүн терезелерин, батирлердин  балкондорун ачык таштабоо зарыл;

-жакын жашаган кошуналар менен ар дайым бирге коопсуздукка жана сактыкка көңүл буруу зарыл;

-үйдөн узак убакытка бир жака чыгып жатканда ири суммадагы акча каражаттарды калтырбаңыздар;

-мүмкүнчүлүктөргө жараша үйлөрдүн эшик-терезелине үн чыгаруучу же белги берүүчү аппараттарды орнотуу пайдалуу,

-көчөлөргө же көп кабаттуу үйлөрдүн алдыларына видео байкоочу камераларды орнотуу кылмыштуулукту алдын алат;

-үйлөрдүн терезелерин, көп кабаттуу квартиралардын 1-кабаттын терезелерин темир тор менен бекемдөө зарыл.

Эгерде кандайдыр бир шектүү амдардын мыйзамсыз кыймыл-аракеттерин көрүп калсаңыздар милициянын аймактык тескөөчүсүнө, жакынкы ИИОго же 102 номерине кайрылсаңыздар болот.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *