Москва районунда уурулукка шектүү балдар кармалышты

2020-жылдын 9-январь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Петровка айылынын 62 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 8-январдан 9-январга караган түнү белгисиз адамдар анын сарайынан майда жандыктарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Ууроо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралырдын наатыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 25, 26 жана 29 жаш курактагы алты бала кармалган.

Шектүү балдар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *