2022-жылдын 12-апрель күнү Москва РИИБүнө 1957-жылы туулган К.А., атту жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар тарабынан анын үйүнө кирип уюлдук телефондорун жана 60 000 сом, 500 долар АКШ акчаларын уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1998-жылы туулган И.М., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.