Москва районунун аймагында “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө

Москва районунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 15-декабрь күнүнөн тарта “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чарага Москва РИИБдүн коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 40тан ашуун кызматкерлер тартылган.

Рейддин жүрүшүндө 120 ок атуучу курал сактаган жарандар текшерилди. Алар: 20 газ травматтык курал жана 100 аңчылык сүйүүчүлөр боюнча.  Иш-чара учурунда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 84- (Атуучу куралды сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу), 85- (Атуучу куралды каттоо мөөнөтүн бузуу) беренелеринин негизинде жалпы 16 протокол толтурулган. Андан сырткары 1 курал жарак сактоочу жай текшерилген.

Чүй ОИИББы эскертет: Ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *