Москва районунун ички иштер бөлүмүнү райондун  мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнүн уюштурду

2022-жылдын 29-апрелинде Москва райондук ички иштер бөлүмүндө ачык эшик күнү болуп өттү. Иш-чарага Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, өздүк курамы, билим берүү органдарынын өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер жана ошондой эле  Москва районунун мектептеринин окуучулары жана чакырылган коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери мектеп окуучулары үчүн ички иштер бөлүмүндө кызыктуу экскурсия уюштуруп, ишинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштырышты. Ошондой эле мектеп окуучуларына милиция колдонгон ок атуучу куралдардын үлгүлөрүн, алардан коргонуу каражаттарын көрсөтүп, бул куралдын мүмкүнчүлүктөрү жана тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу айтып берди. Брондук коргонуу каражаттары жана машыгуу куралдары ж.б. Андан ары балдар айрым кызматтардын ишинин өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле, балдарга «Мектеп окуучуларынын арасында массалык мушташуунун алдын алуу» деген темада видеоролик көрсөтүлдү. Видеону көргөндөн кийин милиция кызматкерлери мектеп окуучулары менен агрессивдүү жүрүм-турумдун бир катар маселелерин, анын келип чыгуу себептери, аракеттери жана мыйзам чегинде анын кесепеттери кандай болорун талкуулашты.

Иш-чаранын аягында мугалимдер, мектеп окуучулары жана бул иш-чаранын башка катышуучулары Москва районунун ички иштер бөлүмүнө ыраазычылыктарын  билдирип кетишти.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *