Москва районунун милиция кызматкерлерине жергиликтүү жашоочу ыраазычылык билдирди

Чүй облусунун ички иште башкы башкармалыгына Москва районунун жашоочусу Көчөрбаевдердин үй-бүлөсү кайрылып, Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жана жетекчилигине уурдалган автоунаасын бир канча убакыттан соң табышып, кайтарып бергени үчүн  сүйүнүшүп ыраазычылыктарын билдирүү үчүн келишкен.

Ыраазычылык катта, март айынын башында алардын “Ауди-В4” үлгүсүндөгү автоунаасын үйүнүн алдында токтоп турган жеринен белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билишип, дароо Москва районунун ИИБгө арыз менен кайрылган. Арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Москва районунун ИИБдүн милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын негизинде эки айдын ичинде автоунаасы табылып, ээсине кайтарылып берилген.

Арыз ээси автоунаасы мурдагы абалындагыдай табылганына кубанып, райондук милиция кызматкерлеринин эмгегине ыраазычылык кылууну туура көргөнүн айтат. Ал буга чейин милицияга эч кандай жумуштар боюнча кайрылбаганын айтып, биринчи жолу арыз менен кайрылып, криминалдык милиция кызматкерлердин өз жумушуна жасаган жоопкерчиликтүү мамилесин жана тажрыйбалуу тергөөчү аялдын кабыл алуусун ошондой эле райондук милицинын жетекчилигинин жарандарга жасаган мамилелеринен улам милицияга болгон ишеними жогорулап, үй-бүлөсүнүн атынан терең ыраазычылыгын билдирүү үчүн кайрылганын айткан.

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы бул окуя тууралуу маалымат үчүн төмөндөгүлөрдү билдирет.

Жогорудагы автоунаа уурдоо фактысы боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон эки жаран кармалып, алар даагы башка автоунаа уурдоого шектелүүдө. Ал эми табылган автоунаалар ээлерине кайтарылып берилип, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *