Мыйзамсыз курал-жарактарды, ок-дарыларды сатууга, жүгүртүүгө катуу чаралар көрүлүп, кылмыш жоопкерчилиги жана башка жоопкерчиликтер каралганы менен курал-жаракка байланыштуу мыйзамсыз аракеттер уланып келүүдө.
Андыктан Чүй облусунун аймагында кылмышты алдын алуу, катталган кылмыштардын бетин ачуу ошондой эле мыйзамсыз курал-жарактарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактаган колдонгон жаранды аныктоо максатында ыкчам алдын алуу иш-чарасы башталды.
Андыктан Чүй облусунун ИИББы эскертет!
Таап алынган жана мураска калган курал-жарактарды, ок-дарыларды сактоого колдонууга тыюу салынат. Андай куралдарга ээлик кылуу мыйзамсыз. Таап алынган жана мураска калган курал-жарактарды ички иштер орагндарына убагында тапшыруу зарыл.
Эске салып кетүүчү жагдай. Алдын алуу иш-чара учурунда Чүй облусунун ички иштер органдарынын лицензияга уруксаат берүү кызматкерлери тарабынан буга чейин алып жүрүүгө уруксаат берилген газ-травмалык куралдарды, Кыргыз Республикасынын Курал жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесинин негизинде сактоого үчүн гана кайра катоо иштери жүргүзүлөт.
Мыйзамсыз курал-жарактарды, ок-дарыларды колдонгон, сатып өткөргөн окуялар тууралуу кимде-ким маалымат болсо Чүй облусунун ИИББ төмөндөгү телефон номурларына же 102 номерине кабарласа, анонимдүүлүк кепилденет.
Эгерде тиешелүү документтери жок таап алган же мураска калган курал-жарактарды, ок-дарыларды өз ыктыяры менен ИИОго тапшырган жарандар эч кандай жоопко тартылбайт.
Курал-жарак сактаган жарандар үчүн,
Лицензияга уруксат берүү кызматы, жарандарды кабыл алууга, тиешелүү суроолого жооп берүүгө ар дайым ачык.
Мыйзамсыз курал-жарак жок. Биз өз өмүрүбүздү жана жашообузду коопсуз кылабыз.