Панфилов районда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге эл менен жолугушууларды өткөрүшүүдө

 

Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу жана аткарылган жумуштар боюнча коомчулукка маалыматтарды берүү максатында Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан жергиликтүү тургундар менен жолугушуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул жолу Панфилов райондук мамлекеттик администрация башчысы жана РИИБдүн жетекчилиги Панфилов районунун жергиликтүү жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүштү.

Иш-чарада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу маалыматтар берилип, көйгөйлүү маселелер талкууланды. Жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча райондук мамлекеттик администрация башчысы жана РИИБдүн жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды. Жолугушууда милиция кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирген кодексттер боюнча түшүнтүдүү иштери жүргүзүлүп, милициянын көчмө кабылдамасы менен аткарылган жумуштар тууралуу жолугушуунун катышуучуларына маалыматтар берилди.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөргөн жолгушууларында Кыргыз Республикасынын Президентинин аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын арзандатуу жана дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген үстөк пайыз менен насыяларды берүү жөнүндөгү жарлыктары боюнча маалыматтар тургундарга жеткирилүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *