Панфилов районунда денеге оор зыян келтирүүгө шектүүлөр кармалды

2021-жылдын 30-июль күнү болжол менен саат 05:55 чамаларында Панфилов РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аймактык оорканага эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Көрсөтүлгөн дарекке дароо Панфилов РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, оорукандагы жарандын өзүгү аныкталып, ал 2002-жылы туулган А.К. экендиги такталган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Панфилов РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга катыштыгы бар деген шек менен 2002-жылы туулган З.Б. жана Э.Б., 2004-жылы туулган К.А. аттулар кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Териштирүү учурунда ичимдик ичип отурушкан балдардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, уруша кетишип, жыйынтыгында  А.К. аттуу жаран бычактан жаракат алганы маалым болгон.

Учурда ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *