Панфилов районунда жергиликтүү жашоочулар менен жолугушу улантылууда

2021-жылдын 22-декабрь күнү Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы №1 орто мектебинде жолгушуу болуп өттү. Ага Панфилов райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, РИИБдүн башчысы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана 100 дөн ашуун жергилкитү жашоочулар катышышты.

Жер-жерлердеги мындай жолгушуулардын максаты жашоочулардын социалдык жана башка маселелери боюнча көйгөйлөрүн талкуулоо, аларды чечүү жана жарандардын кайрылууларын кабыл алуу ошондой эле мамлекеттик кызматтардын эффективдүү иш алып баруусуна багытталган.

Жолгушуу учурунда, жер тилкелери, ичүүчү жана суугат сууларга байланыштуу, жол коопсуздугу, улут аралык ынтымакты чыңдоого байланыштуу суроолордун айланасында талкуулар болуп, ар бир көтөрүлгөн маселелер жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынып, жеринде тиешелүү суроолорго жооптор берилди.

Панфилов РИИБдүн бачысы эл алдында милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу баяндама берип андын сырткары жыңы ишке киргизилген кодексттер боюнча түшүндүрмө берип өттү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *