Панфилов районунда милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда

2021-жылдын 7-янарь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Чүй облусунун райондоруна милициянын көчмө кабылдамасы катары пайдалануу үчүн жабдылган автоунаалар берилген. Алар 8-январдан тарта өз милдеттерин аткарууга киришти. Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жогорудагы көчмө кабылдама автоунаасы менен жергиликтүү тургундарга жолугушуп, алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Милициянын көчмө кабылдамасы Панфилов районунун баардык аймактарына чыгышып, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу жана жарандардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алуу иштерин жүзөгө ашырышат.

Милициянын көчмө кабылдамасында кызматкерлер нөөмөт менен иш алып барышып, жарандардан түшкөн кайрылуулардан сырткары жергиликтүү жашоочуларга укуктук кеңештерди да беришет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *