2022-жылдын 24-апрель күнү Панфилов РИИБине 1961-жылы туулган жергиликтүү С.А., аттуу жаран кайрылган, ал 2022-жылдын 23-апрель күнү белгисиз адмадар, ага күч колдонуп уюлдук телефонун жана акча каражатын тартып алгандыгын билдирген.
Бул факты Панфилов РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Панфилов РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1979-жылы туулагн И.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери улантылууда.