Панфилов районунда тоноочулук фактысына шектүү кармалды

 

2022-жылдын 24-апрель күнү Панфилов РИИБүнө  1961 жылы туулагн С.А., жаран арыз менен кайрылган. Анда 23-апрел кунү болжол менен саат 23:30 чамаларында бейтааныш адамдар эч себепсиз уруп телефонун жана акчакаражаттарын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Панфилов РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шетелип 1971-жылы туулган С.Н., атту кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *