Панфилов районунун аймагында кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

 

Панфилов районунун аймагында кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрь күнү Панфилов районунун ИИБдүн начальниги милцияныны подполковниги Дениз Аманов жана аймактык тескөөчүлөрү, Панфилов районунун ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен жүргүнчү ташыган айдоочулардын,  андан сырткары оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын арасында жол-транспорттук кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.  Жолугушуу учурунда унаалардын дөңгөлөктөрүн мезгилге жараша алмаштырып, ылдамдык эрежелерин сактоо кырсыктарды алдын алууга өбөлгө болоору эскертилди.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууларда, малдарды жол жээктерине кароосуз калтыруу да жол кырсыктарына себепкер болоорун айтышып, уурулук жана башка кылмыш иштери боюнча алдын алуу  иш-чаралары  да  жүргүзүлдү.

Алдын алуу иш-чарасында жарандардан 2 кайрылуу түшүп, алар өз убагында тиешелүү органдарга жиберилген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *