Панфилов районун жашоочусунан мызамсыз сакталган ок-дарылар алынды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн рейд иш-чарасынын негизинде Панфилов районундагы үйлөрдүн биринен ок-дарылар табылды.

2018-жылдын 29-март күнү Чүй облусунун ИИББнын жана Панфилов районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде Панфилов районунун 64 жаштагы жашоочусу С.Г. аттуу жарандын сарайынан төмөндөгү ок-дарылар табылып алынган.

-1637 даана ок-дарылар (5,45 жана 7,62-калибрдеги);

-5 килограмм дробь;

-21 даана картечь;

-13 даана капсюль;

-8 даана гильза (32, 20, 16 жана 12-калибрдеги)

Жогорудагы окуя Панфилов районунун ИИБнө катталып, азыркы учурда баллистикалык экеспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй облусунун ИИББ эскертет, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү ошондой эле ок атуучу куралды мыйзамсыз оңдоо (мергенчилик сайсыздан башка) же даярдоо, ага тете ок-дарыларды, жардыргыч заттарды же колго жасалган жарылуучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми өз ыктыяры менен курал жарактарды ички иштер органдары тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

 

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *