Панфилов РИИБдин башчысынын орун басары Панфилов районунун аймагында жайгашкан мектептердин директорлору менен жолугушуп, акыркы коңгуроого иш-чараларын өткөрүүдө окуучулар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин да жүргүзүшүп, иш-чаранын белгиленген мөөнөтүндө коомдук тартипти жана мыйзамды сактоо боюнча окуучулардын да, ата-энелердин арасында да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен балдарын көзөмөлгө алуу боюнча сунуштар айтылды.