Панфилов РИИБдин кызматкерлери Суусамыр өрөөнүндө алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

 

Жайкы туристтик мезгилинин башталышы менен Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан Чүй облусунун аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Панфилов РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Суусамыр өрөөнүндө эс алып жүргөн жарандарга, ошондой эле жол четинде соода кылган жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет элдик жарандарга майрам күндөрү жеке коопсуздуктарын жана алардын буюмдарына сак болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жарандарга эс алуу учурундагы коопсуздук эрежелерин эскертип, ар кандай кырсыктардын алдын алып, балдарды көзөмөлгө алуу зарылдыгын эскертишти.

Бишкек-Ош унаа жолунун боюндагы боз үйлөрдүн ээлери жана ар кандай буюмдарды саткан жергиликтүү тургундар менен жеке коопсуздук эрежелерин сактоо жана жарандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн дайыма сак болууга чакырышты. Коопту  жерлерден жолдорду кесип өтүүдө этият болууга үндөп  сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан аталган өрөөндүн мал ээлеринин мал уурулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар милиция кызматкерлеринин эмгеги үчүн  ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *