Панфилов  РИИБдин кызматкерлери сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Панфилов РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы эс алуу учурундагы жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү жана башка кырсыктардын алдын алуу багытындагы иштерди тынымсыз алып барышууда. Кызматкерлер балдардын коопсуздугун сактоо максатында кароосуз калган көлмөлөргө, терең бассейндерге сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча эскертмелерди илип, ошондой эле күндүн ысыгында өз алдынча сууга түшүп жүрүшкөн балдарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Мындан сырткары, Панфилов РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан райондун аймагындагы өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, топтошуп мушташуунун алдын алуу максатында да алгылыктуу иштер жүрүп, кечкисин ата-энелеринин коштоосу жок жүргөн балдарга эскертүүлөр берилүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *