Панфилов РИИБдүн кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери улантылууда

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана ИИОнун кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды жергиликтүү жашоочуларга жеткирүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

2022-жылдын 4-мартында Панфилов РИИБдүн жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте жергилкитүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда Панфилов районундагы мечиттердин биринде жума намазга чогулган тургундарга Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы жеткирилди.

Жолугушууда Панфилов РИИБдүн башчысы милициянын подполковниги Деңиз Аманов, Президенттин Жарлыгы тууралуу маалыматтарды жеткирди. Ошондой жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мечиттин имамы да ашыкча чыгымдарды кыскартуу эң туура чечим болгонун белгилешти.

Буга чейин үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүү ысырапкорчулуктар менен коштолуп келсе, маркумду акыркы сапарга узатуу той сыяктуу өтүп көптөгөн чыгымга алып келгени айтылды.

Көпчүлүк тургундар ушул сыяктуу зарыл маалыматтарды жеткирип жаткан мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын айтышып,  жашоочулар ысырапкорчулуктарды кыскаруу талаптарды колдошоорун билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *