Сокулукта бир тууганын өлтүрүүгө шектүү кармалды

2020-жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 17:17 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Саз айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу мааламт келип түшкөн. Ал маалыматтын негизинде Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн учурда төмөндөгүлөр маалым болгон. 69 жаштагы А.М. иниси 64 жаштагы А.Д. менен уруша кетишип, балта менен чаап жиберген. Жыйынтыгында алган жаракатынан улам окуя болгон жерден А.Д. каза болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кармалган 69 жаштагы А.М. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *