Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондук администрациянын кызматкерлери менен жарандарга COVID-19дан коргонуу жөнүндө маалыматтар камтылган баракчаларды таркатышууда

Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочуларына күн сайын милиция кызматкерлери коронавирус илдетинен коргонуу жөнүндөгү маалыматтар камтылган баракчаларды таратышып келүүдө. Профилактикалык иштерди милиция кызматкерлери райондук администрациянын өкүлдөрү жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте жүргүзүшүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жана администрация өкүлдөрү Сокулук районунун дээрлик бардык көчөлөрүн кыдырышып, илдетти жайылтпоо үчүн ар бир жаран үйдө болуп, тазалыкты жана тартипти сактоонун зарылдыгын түшүндүрүшүүдө. Бул кырдаалда режимди сактап, коомдук жайлардан алыс болуп, башка адамдар менен байланышты чектөө негиздүү экенин айтышууда.

Вирустун жайылуу коркунучуна байланыштуу, улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар коомдук жайларга чыкпоосу зарыл экендигин жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүшүүдө.

Чүй облусунун милиция кызматкерлери коронавирус илдетин алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды тынымсыз улантышууда.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *