Сокулук районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалышты

2022-жылдын 10-январында Сокулук РИИБүнө болжол менен саат 22:45 чамаларында Сокулук районунундагы айылдардын биринде каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Көрсөтүлгөн дарекке дароо Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда 33 жаштагы Е.Н. жана 50 жаштагы М.С. аттуу жарандын үйүнө белгисиз бет капчан адамдар киришип, жыгач таяк менен урушуп, дене жаракатарын келтиришип,  1 200 000 сом акчасын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдиришкен.

Бул факты Сокулук РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 26 жаштагы Ш.А., 44 жаштагы Х.Р. жана Ю.И. аттуулар кармалышкан.

Шектүүлөрдүн биринин жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 551 миң сом ал эми экинчи шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 85 миң акча каражаттар табылып алынган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *