Сокулук районундагы оор кылмыштын бети ачылды

Буга чейин Сокулук районунун Ак-Ордо жаңы конушунда болжол менен 25-30 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылып, анын өздүгүн тактоо максатында, өзгөчө белгилери көрсөтүлүп, баардык жалпыга маалымдоо каражаттарына таркатылган.

2018-жылдын 24-март күнү болжол менен саат 14:45 чамасында Сокулук районунун ички иште бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Ак-Ордо жаңы конушунда аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Аталган жаңы конуштагы жер тилкелердин биринде курулуш иштерине деп төгүлгөн таштардын арасынан адамдын жансыз денесин көрүшүп, милицияга жергиликтүү жашоочулар кабарлашкан. Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда, ал киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталып, табылган жансыз денеге зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Алгач жансыз дененин өздүгүн тактоо үчүн багыттамалар жалпыга маалымдоо каражаттарына берилип, ыкчам издөө иш-чаралар улантылган. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жансыз аял кишинин өздүгү такталып, ал Талас облусунда туулуп өскөн 26 жаштагы Н.А. экендиги такталган. Анын жакындары, байланыштарынын үстүнүн тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, бул кыздын өлүмүнө шектүү делип, Бишкек шаарынын жаны конуштарынын биринде жашаган 25 жаштагы Т.Б. кармалып, Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Териштирүү учурунда бул окуя 2017-жылдын декабрь айында каза болгон кыз менен кылмышка шектүү жарандын ортосунда пикир келишпестиктен чыгып, кылмышты жашыруу максатында шаардын четиндеги жаңы конушка түнкүсүн алып барып, таш менен үстүн жаап салганы маалым болгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *