Сокулук районундагы үйлөрдүн биринде 73 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган

2020-жылдын 20-май күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү өзү тейлеген аймакта алдын алуу иштерин жургүзүү учурунда жергиликтүү жашоочулардын биринин жансыз денеси өз үйүндө жашырылгандыгы тууралуу ыкчам маалымат угуп, текшерүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы маалымат такталып, дароо 20-май күнү болжол менен саат 21:30 чамаларында Сокулук районунун ИИБдүн  нөөмөт бөлүгүнө окуя тууралуу билдирген.

Бул маалыматтын негизинде Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, Сарбан айылындагы үйлөрдүн биринен адамдын күйгөн жансыз денесин табышкан. Териштирүү учурунда ал 73 жаштагы Т.В. атуу жаран экендиги такталып, окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө каза болгон жарандын 44 жаштагы уулу суралып, ал болжол менен бир ай мурда атасы кокусунан жүрөгү кармап каза болуп калганын айтып, ал тууралуу тиешелүү органдарга кабар бербестен, үйүндөгү темир бочкага салып өрттөп салганын билдирген.

Кошунасы көп убакыт дайынсыз болуп кеткенин байкашкан айыл жашоочулары бул тууралуу милициянын аймактык тескөөчүсүнө кабарлашкан. Учурда жогрудагы өлүмдүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында зарыл болгон экспертизалар дайындалып, 44 жаштагы баласы убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *