Сокулук районунда аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалышты

Сокулук РИИБүнө Новопавловка айылынын 32 жаштагы жашоочусу К.М. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 24-декабрдан 25-декабрга караган түнү анын үйүнүн жанында токтоп турган жүк ташуучу автоунаасынан эки аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгым 30 миң сомду түзгөн.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 26 жаштагы А.Н. жана 25 жаштагы М.А. аттуулар кармалышкан.
Териштирүү учурунда кармалган жарандардын Сокулук районунун Новопавловка жана Ак-Ордо айылдарында катталган уурулук кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *