Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

Сокулук районунун ички иштер органдарына жергиликтүү жашоочу А.Б. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын май айында “Хенгим” аттуу эркек киши арыздануучунун ишенимине кирип, ири компаниялардын бирине жумушка орноштурууга убада кылып, алдоо жолу менен арыздануучудан 3000 АКШ долларын алып, ушул күнгө чейин акчасын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген. Бул окуя кылмыштардын жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш ишетери башталган.

Сокулук районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы жарандын өздүгүн аныктоо жана кормоо үчүн бир катар иш-чаралар уюштурулуп, жыйынтыгында шектүү катары 27 жаштагы Х.Х. аттуу жаран кармалган.

Учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Андыктан кимде-ким аталган жарандын алдамчылык аракетинен жабыркагандар болсо, Сокулук районунун ИИБнө кайрылсаңыздар болот.

Чүй облусунун ИИББы: Бейтааныш адамдар тарабынан жасалган кандайдыр бир убадалар үчүн алдын ала акча караджаттарды берүүдө жарандарды сак болууга чакырат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *