Сокулук районунда аялын бычак менен сайган 59 жаштагы жаран кармалды

 

Сокулук районун ички иштер бөлүмүнө бир аял бычактан жаракат алып аймактык ооруканага келип түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, жабырлануучунун өздүгүн такташкан. Ал 47 жаштагы Сокулук районунун жашоочусу К.А. экендиги аныкталып, бул окуя үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам чыгып, жабырлануучунун жолдошу бычак менен сайып жибергендиги маалым болгон. Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип, жабырлануучунун жолдошу 59 жаштагы Ж.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *