Сокулук районунда аял кишиге бычак сайган жаран кармалды

2019-жылдын 22-апрель күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаардык ооруканалардын биринен телефон чалуу болуп, Чүй облусунун жашоочусу бир аял бычактан алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, жабырлануучуга операция жасалып жаткандыктан аны суроого мүмкүн болбой, териштирүү учурунда өздүгү такталып, ал 54 жаштагы Сокулук районунун тургуну Р.Б. экендиги маалым болгон. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып тергөө кызматы тарабынан кылмыштын бетин ачуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Жабырлануучуну суроого мүмкүн болгон учурда ал окуя тууралуу милицияга айтып, 2019-жылдын 22-апрель күнү эрте менен күйөө баласы эч себепсиз бычак сайып салганын билдирген. Сокулук районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан 33 жаштагы К.У. кылмышка шектүү катары кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Баардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *