Сокулук районунда башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен ээлеп алган жаран  кармалды

Сокулук РИИБине К.Н. атту жаран  арыз менен кайрылып, кайрылуусунда Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу Учкун-2 жаны конушундагы жер тилкесин «К» атту жаран мыйзамсыз басып алып, уруксаты жок эле үй куруп алганын билдирип чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Сокулук РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 27-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып 1979-жылы туулган Ж.К. кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайгаа киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *