Сокулук районунда баңги затын сактоого шектүү кармалган

2021-жылдын 11-декабрь күнү Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан, аял киши өзү жашаган үйүндө баңги затын сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынып, анын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарына караштуу Орок жаңы конушундагы 29 жаштагы Т.Э.нин үйүнүн уктоочу бөлмөсүнөн кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган.

Экспертизанын жыйнтыгында жогорудагы зат героин (диацетилморфин) баңги заты экени аныкталып, салмагы 66 граммдан ашкан.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *