Сокулук районунда бир нече батир уурулугуна шектүү жарандар кармалды

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн 25 жаштагы Э.А., К.Э., 24 жаштагы А.Ч. жана У.С. аттуу төрт бала кармалышып, текшерүү учурунда, алар Сокулук районунун Новопавловка жана Военно-Антоновка айылындагы 10дон ашык батир уурулугуна шектүү экендиги аныкталган. Кармалган жарандар эч жерде иштебей кылмыштуулук менен алектенгендиги аныкталып, алар өз ара макулдашып, кылмыштуу аракеттерин ишке ашырышып жүрүшкөндүгү такталган.

Эске сала кетсек, 2018-жылы Сокулук районунун Новопавловка жана Военно-Антоновка айылындагы үйлөргө белгисиз адамдар уурулукка киришип,үй ээлерин түрдүү өлчөмдөгү материалдык чыгымдарга туш кылганы туурлуу райондук ИИБнө бир нече материал катталган.

– Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Б.К. арыз менен кайрылып, 2018-жылдын 20-августтан 21-августка караган түнү белгисиз адамдар Военно-Антоновка айылында жайгашкан арыз ээсинин дүкөнүнө кулпусун сындырып киришип, ичинен азык-түлүк жана 37 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген.

– Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Ч.К. арыз менен кайрылып, 2018-жылдын 25-октябрынан 11-ноябрга чейинки убакыт аралыгында Военно-Антоновка айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз адамдар киришип, 20 миң сомду түзгөн “ОСТЕН” үлгүсүндөгү телевизорун уурдап кетишкенин билдирген.

– Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Р.Т. арыз менен кайрылып, 2018-жылдын 20-апрель күнү белгисиз адамдар Новопавловка айылындагы жаңы конуштагы үйлөрдүн бирине киришип, арыздануучунун зер буюмдарын жана 2500 сом акчасын уурдап кеткен. Келтирилген материалдык чыгым 18500 сомду түзгөн.

– Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө М.А. арыз менен кайрылып, 2018-жылдын 24-октябрь күнү Новопавловка айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз адамдар терезеси аркылуу киришип, “ЛЖ” жана “Леново” үлгүсүндөгү телефондорун уурдап кеткенин билдирген.

Ушул сыяктуу 10 кылмыш ишине шектелип кармалган балдарга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *