Сокулук районунда бир нече уурулукка шектүү жаш балдар кармалышты

2018-жылдын октябрь айынан тарта Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Ново-Павловка жана Военно-Антоновка айылынын бир нече жашоочулары арыз менен кайрылышып соода кылуучу дүкөндөргө уурулук жасалгандыгы тууралуу билдиришкен. Милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштерин жүргүзүү учурда уурулук фактылар түн жарымында жасалып, бири-бирине окшош ыкмалар менен ишке ашканы аныкталган.

Жогорудагы кылмыштардын бетин ачуу жана кылмышка шектүү жарандарды кармоо үчүн тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Сокулук районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү жарандардын өздүктөрү аныкталып, кармалган. Алар: 15 жаштагы К.И., 17 жаштагы З.М. жаша 18 жаштагы Ю.А. аттуу жаш балдар болушкан. Териштирүү учурунда шектүү балдар кичинекей соода кылуучу дүкөндөргө киришип, акча каражаттарын жана азык-түлүктөрдү уурдашып жүргөнү аныкталган. Учурда кармалган топ 9 уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги шектелүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *