Сокулук районунда “Жол эрежелерин үйрөнөлү” аталашындагы иш-чара болуп өттү

2022-жылдын 4-октябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Комсомол айылынын орто мектебинде «Жол эрежелерин үйрөнөлү” аталашындагы профилактикалык иш-чара өткөрүштү.

Иш-чарага Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору  милициянын майору Б.Боталиев, милициянын лейтенанты П.Мукан кызы, Комсомол айылынын мугалимдери жана 5-9-класстын окуучулары катышышты.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө, окуучуларга  жол белгилери көрсөтүлүп,  жолдо жүрүүнүн  эрежелерине үйрөтүлдү.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө  Сокулук РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө испекциясынын кызматкерлери, мектеп окуучуларынына укук бузуулардын  алдын алуу боюнча  түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, тартип бузуулардан алыс болуп мыкты билим алууга чакырышты.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *