Сокулук районунда каржы пирамидасын түзүүгө шектелген аял кармалды

2022-жылдын апрель айынын башында Сокулк районунун ички иштер бөлүмүнө бир нече жаран Сонбүбү аттуу аялга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.  Ал WhatsApp аркылуу «Алмаз-Авто», «Алмаз», «Азык түлүк» аттуу топторду түзүп, белгилүү бир суммадагы акча алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн айтышкан.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде (Финансы пирамидаларын уюштуруу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делинип, 1971-жылы туулган А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, бул аял WhatsApp аркылуу топторду түзүүп, адамдарды тартуу менен алардан акча алып жүргөн. Ошол эле учурда ал бул топторго катталып, акча төлөгөн жарандар артынан дагы адам алып келсе ошого жараша 1200 АКШ долларына чейин акча алышаарын билдирген.

Бул иш боюнча бүгүнкү күндө ички иштер органдарына 13 жаран кайрылган. Буга байланыштуу Сокулук районунун ички иштер бөлүмү бул жарандан жапа чеккен жарандарга кайрылып, ички иштер органдарына төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга чакырат: Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмү 0312 60 75 67, 03134 5 33 80, 0509 0980 08, 0704 04 40 15, 102.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *