Сокулук районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

2019-жылдын 25-август күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Калтар айылындагы көчөлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, болжол менен 45-50 жаш чамасындагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Кароо жүргүзүү учурунда, киши колдуу болуп каза болгондугу маалым болуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Денеге атайлап оор залал келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө кызматы тарабынан жогорудагы кылмыштын бетин ачуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон жарандын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 49 жаштагы У.И. экендиги аныкталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Сокулук районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан Москва районунун 52 жаштагы тургуну Э.А. кармалган.

Кылмышка шектүү жана каза болгон жарандар башка дагы тааныштары менен күнүмдүк жалданма жумуштарга иштөө үчүн Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде турушуп, Сокулук районунун Калтар айылында курулуш жумушуна сүйлөшүп барышкан.

Окуя болгон күнү каза болгон жаран жана кылмышка шектүү дүкөнгө кетишип, ичимдик ичишип, сөздөн-сөз чыгып, түшүнбөстүктөн улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында алган жаракатынан улам 49 жаштагы У.И. окуя болгон жерден каза болгон. Кармалган жаран Сокулук районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *