Сокулук районунда милиция кызматкерлери имамдар жана диаспора өкүлдөрү менен жолугушту

2019-жылдын 17-август күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин демилгеси менен Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Сокулук районундагы имамдар,  ошондой эле жергиликтүү диаспоралардын өкүлдөрү менен Сокулук районунун ИИБнүн кеңешме залында жолугушуу болду. Жолугушууга 42 мечиттин имамдары, диаспоралардын жетекчилери, Х.Хизриев, А.Алиев жана Сокулук районунун имам хатиби И.Ырысбаевдер катышты.

Жолугушууда бир катар суроолор талкууланып, анын ичинде улуттар аралык ынтымакты чыңдоо ошондой эле экстремизм жана терроризм коркунучтарын алдын алууга багытталган маселелер козголду. Жолугушууда, Сокулук районунун ИИБнүн башчысы, милициянын полковниги М.Чойбеков иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, милиция кызматкерлери эл арасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана тартип бузууларды алдын алуу үчүн өз милдеттерин аткараарын айтып, милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар жана айыл аксакалдары, имамдар менен биргеликте кызматташууну буга чейин жүргүзүшүп келишсе,  мындан ары тыгыз кызматташтыкта иш алып барышып жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү зарылдыгы кошумчаланды. Жолугушуунун катышуучулары алдын алуу иштери үчүн милиция кызматкерлерине жардамдашууга даяр экенин билдиришип, жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *