Сокулук районунда тоноочулука шектүү жарандар кармалышты

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Новопавловка айылынын 50 жаштагы жашоочусу Ч.Л. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 5-октябрь күнү Соукулук районундагы көчөлөрдүн бириенен 14 жаштагы баласынын колундагы телефонун белгисиз бирөө тартып алып белгисиз тарапка из жашырып кеткенин бирлдирген.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 24 жаштагы Ж.Т. жана И.М., 21 жаштагы Р.Ж. аттуулар кармалышкып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кармалган жарандар Сокулук районунун аймагында дагы 4 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги такталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *